www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агартуу министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда окуучулардын каза болушуна байланыштуу жагдайларды тактоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Министрликтин буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия учурда жеринде иш алып барып, окуяларга байланыштуу жагдайларды иликтеп жатат.

Агартуу министрлиги мектеп окуучулары арасындагы зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер күчөтүлгөнүн маалымдады. Анын ичинде 2025-жылы «Э-Күндөлүк» мобилдик тиркемесине окуучулар көйгөйлөрү тууралуу жашыруун билдире алышы үчүн «Коркпо, билдир!» функциясы киргизилген.

Ошондой эле жаңы окуу жылынын алдында республика боюнча «Бактылуу бала — бактылуу үй-бүлө — ийгиликтүү мектеп» темасында ата-энелер декадасы өткөрүлгөн. «Ата-энелер мектеби» программасынын алкагында ата-эне, окуучу жана мугалимдердин ортосундагы байланышты жакшыртууга багытталган иш-чаралар да уюштурулууда.

Министрлик өспүрүмдөр менен ата-энелердин үй-бүлөдөгү баарлашуусун жакшыртуу максатында «Манас КОД» мобилдик оюн-тиркемеси иштелип чыкканын белгиледи. Ал жакын адамдар менен ачык сүйлөшүүгө жана биргелешип ой жүгүртүүгө багытталган.

Мындан тышкары, окуучулардын психикалык саламаттыгын колдоо үчүн жалпы билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарына психолог кызмат орду киргизилген.

Быйыл Президенттин жарлыгынын негизинде 500 мектепте 3–5-класстардын окуучулары үчүн шахмат ийримдери пилоттук режимде ачылган. Демилге балдардын сабактан тышкаркы убактысын мазмундуу өткөрүүсүнө багытталган.

Ошондой эле санариптик технологиялардын, анын ичинде нейротармактардын жардамы менен зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган социалдык видеороликтер даярдалып, жайылтылууда.

Министрликтин маалыматына караганда, жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты — окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, балдардын психикалык саламаттыгын колдоо жана мектеп менен үй-бүлөнүн кызматташуусун бекемдөө.

 

Последние новости