www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын башчысы Адамо Бабакар 29-ноябрдагы маалымат жыйынында Кыргызстандагы парламенттик шайлоо таза өтүп, ага жарандар активдүү катышты деген пикирин билдирди.

"Шайлоо процесси бардык мыйзамдарга жана эл аралык нормаларды эске алуу менен өткөрүлдү. Шайлоо участоктору добуш берүүнүн заманбап техникалары менен жабдылган. Шайлоого аялдар да активдүү катышты, мындан ары да ушундай активдүүлүгүнөн жазбаса дегим келет. Бул шайлоолордун жыйынтыгы ийгиликтүү болду".

Адамо Бабакар акыркы жылы Кыргызстанда бир нече шайлоолор өткөнүн белгилеп, өлкө бийлигинин демократиялык институттарды түзүү аракети ишке ашты деп кошумчалады.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоонун жүрүшүнө 700дөн ашуун эле аралык байкоочу көз салды.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

"Ата-Журт Кыргызстан" - 16.
"Ишеним" - 13
"Ынтымак" - 10
"Альянс" - 8
"Бүтүн Кыргызстан" - 6
"Ыйман нуру" - 5 пайыз добуш алган.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллион ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Бирок добуштардын жыйынтыгын чыгарууда онлайн системанын үзгүлтүк менен иштегени жана жыйынтыктар өзгөрүп кеткени Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине күмөн жаратты. Айрым партиялар жыйынтыкты тааныбай, аны жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров нааразы болгон партияларга кайрылып, бюллетендерди кол менен санап чыгууга катышууга чакырды жана дооматтар далилденсе, Боршайкомдун мүчөлөрү жоопко тартыларын билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова техникалык мүчүлүштүк болгонун, бирок ал добуш саноого зыян кылбаганын айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости