www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош Төлөйкөн №8 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү. Бул тууралуу Жогорку кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазов өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу калайык калкым! Кымбаттуу шайлоочулар! Кечээ күнү өткөн шайлоодо мага добуш берген ар бириңиздерге терең таазим кылам. Сиздер мени таза ниет, аруу сезим менен шайладыңыздар. Келечектен үмүт кылдыңыздар. Бирок, Ош Төлөйкөн №8 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү. Бул боюнча бизде тиешелүү фактылар бар. Элибиздин аруу тилектерин тебелешти! Мага добуш берген 17 миңге чукул карапайым элимдин ар бир добушу учун күрөшөм! Акчасына чиренген, көзүн май баскан талапкерлер!!! Президентибиздин таза шайлоо болсун деген жарлыгын, элибиздин аруу тилегин эске алышкан жок! Түнү менен мага телефон чалган шайлоочуларым сабыр кылып туруңуздар! Биз мыйзам чегинде күрөшөбүз!", - деп жазды ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости