www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2025-жылдын 31-декабрында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КР ТИМине караштуу Дипломатиялык академиянын жамаатына жаңы ректору Руслан Рахимовду тааныштырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы дайындалган ректор илимий-изилдөө тармагында чоң тажрыйбага, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө олуттуу кесиптик стажга ээ экени белгиленди. Атап айтканда, ал буга чейин Борбордук Азиядагы Америка университетинде окутуучулук жана административдик ишмердүүлүктү жүргүзгөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында иштеп, чет өлкөлүк академиялык жана изилдөө мекемелери менен кызматташкан.

Министр академияны дипломатиялык кадрларды даярдоо тутумундагы негизги институт катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Руслан Рахимовдун кесиптик жана эл аралык тажрыйбасы окуу жайдын билим берүү жана илимий потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Жыйынтыгында ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев академиянын жаңы жетекчисине жана жамаатына кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын өнүгүшү жана кадрдык потенциалын чыңдоо жолунда жемиштүү эмгек каалады.

Последние новости