www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов медицина кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан кезексиз 5 миң батир бериле турганын билдирди.
- Орчундуу маселе болчу, президентибиз колдоп берди. Дарыгерлерге, министрликте иштегендерге ипотекалык үйлөрдөн 5 миң батир кезексиз бериле турган болду. Буюрса, бул иштин башталышы гана, - деди министр.
Бүгүнкү күндө МИК аркылуу Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында 70 миң батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулуп жатканы айтылган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Ош жана Манас шаарларына туура келет.
Учурда үй алууга 40 миңден көп адам кезекте турат. Ал эми там-таштуу болгондордун саны 13 миңден ашты.