www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Орусиядан коркунуч өсүп жатканын айтып, альянска мүчө өлкөлөрдү коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө чакырды. Айрым европалык лидерлер Орусия жакынкы жылдары НАТО өлкөлөрүнө, анын ичинде Эстонияга кол салышы мүмкүн деп эскертишүүдө.
Ошол эле учурда бир катар эксперттер Орусия азырынча мындай чабуулга даяр эмес жана мүмкүнчүлүгү жетишсиз экенин белгилешет. Европа тышкы байланыштар кеңешинин баяндамасында Эстонияга кол салуу НАТОнун биримдигин текшерүү аракети болушу мүмкүн экени айтылып, бирок ага даярдык үчүн Орусияга 5–10 жыл керектиги белгиленген.
АКШнын расмий документтеринде Европада НАТО Орусияга караганда аскердик жактан күчтүү экени көрсөтүлүп, чыңалууну азайтуу үчүн дипломатия маанилүү экени айтылат. Кремль болсо НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жоктугун билдирип келет.