www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад жана Ош областтарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар стационарына барды.

Иш сапардын максаты — курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандарга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын уюштурулушу менен жеринде таанышуу, ошондой эле сезондук оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу керебет фондунун иш жүзүндөгү жүктөмүн баалоо болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө оорукананын директору Шаят Абдурахманов жугуштуу оорулар стационары 270 керебетке ылайыкталганын, алардын 180и балдар үчүн, калганы чоңдор үчүн каралганын маалымдады.

Сезондук оорулардын күчөгөн шартында кайрылуулардын олуттуу өсүшү байкалганы менен, бардык бейтаптарга зарыл болгон медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүүдө.

 

Последние новости