www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Перунун борбору Лимада салттуу жаңы жылдык жөрөлгө учурунда жергиликтүү шамандар 2026-жылга карата дүйнөлүк окуялар боюнча өз божомолдорун жарыялашты. Алардын айтымында, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп олуттуу дартка чалдыгат, Венесуэланын лидери Николас Мадуро бийликтен кетет, ал эми Россия менен Украинанын ортосундагы согуш аяктайт.

Жөрөлгө декабрдын аягында Лиманын түштүк тарабында, океандын жээгинде өттү. Reuters агенттиги билдиргендей, шамандар жаркыраган пончо кийип, дүйнөлүк лидерлердин сүрөттөрү түшүрүлгөн плакаттардын үстүндө ар кандай ырым-жырымдарды жасашкан. Алар плакаттардын үстүнөн кылычтарды айкаштырган, жыпар жыттуу заттарды түтөтүп, гүлдөрдү чачышкан.

Жөрөлгөнүн катышуучуларынын бири – шаман Хуан де Диос Гарсия – негизги божомолдорду ачык айтып чыкты. Анын айтымында, “АКШ сак болууга тийиш, анткени Дональд Трамп олуттуу оорууга кабылат”.

Венесуэла, Украина жана дүйнөлүк саясат

Гарсия Венесуэладагы саясий кырдаалга да токтолуп, учурдагы президент Николас Мадуро жеңилүүгө учурап, өлкөдөн чыгып кетерин билдирди. Ошол эле учурда, анын айтымында, Мадуро камакка алынбайт жана окуялар өтө тез өнүгөт.

Шаман ошондой эле Россия менен Украинанын ортосундагы согуш тууралуу божомолун айтты. Анын сөзүнө караганда, куралдуу жаңжал токтоп, тараптар тынчтыктын желегин көтөрүшөт. Бирок ал бул качан жана кандай шартта болорун тактаган жок.

Лима жээгиндеги жөрөлгө

Ырым-жырым учурунда Дональд Трамп, Николас Мадуро, Владимир Путин, Си Цзиньпин жана Владимир Зеленскийдин чоң форматтагы сүрөттөрү колдонулган. Плакаттар кумдун үстүнө жайгаштырылып, алардын үстүнөн салттуу ырымдар жасалган.

Гарсия Перунун ички саясаты тууралуу да өз көз карашын билдирип, мурдагы президент Альберто Фухиморинин кызы Кейко Фухимори кийинки президенттик шайлоодо жеңишке жетет деп божомолдоду. Ал бул көрүүсүн вачума аттуу салттуу өсүмдүктү колдонуу маалында алганын айтты.

Божомолдорго ишенүүгө болобу?

Бул жөрөлгө Перуда жыл сайын декабрдын аягында өткөрүлүп, дүйнөлүк окуялар боюнча божомолдор менен коштолот. Бирок Reuters агенттиги буга чейин эле ушул эле шамандар 2023-жылы Украинадагы согуш бүтөт деп айтышканын, бирок ал божомол ишке ашпаганын эске салды.

Последние новости