www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуудан кийин Fox News телеканалына берген маегинде Украинанын Куралдуу күчтөрүн Донбасс аймагынан чыгаруу мүмкүн эместигин айтты. Анын айтымында, мындай кадам Украинанын мыйзамдарына каршы келет.

Зеленский ошондой эле АКШдан берилчү коопсуздук кепилдиктери Ак үйдүн чечими менен гана чектелбестен, АКШ Конгресси же Сенаты тарабынан юридикалык жактан ратификацияланышы керектигин белгиледи. Анын пикиринде, бул кепилдиктер Украина үчүн жетиштүү жана ишенимдүү болушу зарыл.

Президент жаңжал аяктагандан кийин кызматтан кетүүгө даяр экенин да билдирди. Эске салсак, Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын 31-мартында өтүшү керек болчу, бирок согуштук абал жана жалпы мобилизацияга байланыштуу шайлоо өткөрүлгөн эмес. Зеленскийдин ыйгарым укуктары 2024-жылдын 20-майында формалдуу түрдө аяктаганы менен, ал жаңы президент шайланганга чейин өзүн мыйзамдуу президент деп эсептей турганын билдирген.

2024-жылдын декабрында Дональд Трамп Украинада шайлоо өткөрүү зарылдыгы тууралуу билдирүү жасагандан кийин, Зеленский Жогорку Радага шайлоону өткөрүүгө мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырган. Бирок ал шайлоо өткөрүү үчүн негизги шарт катары ок атышууну толук токтотууну талап кылууда.

Последние новости