www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайвань бийлиги Кытай Эл Республикасынын армиясы аралдын айланасында өткөрүп жаткан масштабдуу аскерий машыгууларын кескин айыптады. Бул машыгуулар Тайванды деңиз жана аба аркылуу курчоого алуу, стратегиялык портторду блокадалоо сценарийин иштеп чыгууга багытталганын Тайбей ачык провокация катары баалады.

Тайвань президенти Лай Циндэ Кытай эл аралык коомчулуктун тынчтык тууралуу чакырыктарын көз жаздымда калтырып, регионалдык туруктуулукту атайылап бузуп жатканын билдирди. Анын айтымында, бул аракеттер эл аралык коопсуздукка түз коркунуч жаратат. Ошол эле учурда Тайвань тарап кырдаалды курчутпоого аракет кыларын белгиледи.

Белгилей кетсек, 30-декабрда Кытай армиясы Тайваньга жакын аймактарда ракеталык аткылоолорду өткөрүп, ондогон согуштук учактар менен кемелерди тартты. Тайвань Коргоо министрлиги бир сутканын ичинде 130 согуштук учак жана 22 аскердик кеме катталганын маалымдады. Айрым ок атуу зоналары Тайвань жээгинен 12 деңиз милден да жакын жайгашканы нааразылык жаратты. Бул чектөөлөр 850дөн ашуун авиакаттамга таасир этти.

Кытай тарап машыгууларды “Миссия адилеттүүлүк – 2025” деп атап, аба жана деңиз күчтөрүнүн координациясын, ошондой эле Тайвань портторун – Килунг жана Гаосюн сыяктуу маанилүү түйүндөрдү блокадалоо мүмкүнчүлүгүн текшерип жатканын билдирди.

Европа Биримдиги жана Франция Кытайды регионалдык жана глобалдык туруктуулукка коркунуч жаратууда деп айыптап, Пекинди сабырдуулукка чакырды. Эл аралык коомчулук Тайвань кысыгындагы тынчтык дүйнөлүк коопсуздук үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Бул машыгуулар АКШнын Тайванга 11 миллиард доллардан ашуун көлөмдөгү курал-жарак сатуу чечиминен кийин башталды. Буга жооп иретинде Кытай АКШнын аскердик өнөр жайына байланыштуу ондогон компанияларга санкция салды. Ошондой эле машыгуулар Япониянын жаңы премьер-министри Кытай Тайванга кол салса, Токио катышуусу мүмкүн деген билдирүүсүнөн кийин өтүп жатат.

Тайвань айланасындагы аскерий активдүүлүк Азия-Тынч океан регионундагы эң кооптуу чекиттердин бири бойдон калууда. Кытайдын күч көрсөтүүгө негизделген стратегиясы эл аралык тынчсызданууну күчөтүп, Тайвань маселесин регионалдык гана эмес, глобалдык коопсуздук проблемасына айлантып жатат.

Последние новости