www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланышы бар деп шектелген 357 адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая билдирди.
Кармоолор түндүк-батыш Түркиядагы куралдуу кагылыштан кийин жүргүзүлгөн.
29-декабрда Мармара деңизинин жээгиндеги Ялова шаарында сегиз саатка созулган операция учурунда үч полиция кызматкери жана алты куралчан адам жок кылынган. Андан тышкары рейд маалында сегиз полиция кызматкери жана дагы бир коопсуздук кызматкери жаракат алган.
Ички иштер министри Али Ерликаянын айтымында, "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операциялар өлкө боюнча 21 облуста жүргүзүлдү.
Бир жума мурда ушундай эле шек менен 100дөн ашуун адам кармалган.