www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жыл Кыргызстан үчүн экономикалык жана саясий жактан салыштырмалуу туруктуу жыл болду. Өлкөнүн ички дүң өнүмү 10% ашып, экономикалык өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү лидерлердин катарына кирди. Республикалык бюджет биринчи жолу 1 триллион сомдон ашып, профицит 34,3 миллиард сомду түздү. 

Бирок экономикалык өсүш калктын күнүмдүк турмушунда сезилбей жатат. Инфляциянын жогорулашы, азык-түлүк бааларынын кымбатташы, пенсия жана жөлөк пулдардын жетишсиздиги адамдар ыраазы эместей. Курулуш жана турак жай баалары кескин өстү.

Саясий жана укуктук кырдаалга келсек, өлкө тынчтыкта болду, коңшулар менен чек ара маселелери чечилди. Шайлоолор таза жана тынч өткөнү байкалды. Бирок жарандык эркиндик чектелген, айрым активисттер жана журналисттер камалган учурлар орун алды.

Кыскасы, 2025-жыл экономика үчүн ийгиликке бай жыл болсо да, эл турмушунда кымбатчылык жана социалдык көйгөйлөр өзгөчө сезилди. 2026-жылы экономикалык өсүш менен бирге калктын күнүмдүк көйгөйлөрү да көңүл борборунда болушу шарт.

Последние новости