www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ислам мамлекети» террордук тобунун жок кылынган лидеринин орун басары Сами Жасим кармалганы айтылууда. Бул тууралуу Ирактын премьер-министри Мустафа Аль-Казыми бүгүн, 11-октябрда, Twitter аркылуу жарыялады.

Анын айтымында, экстремисттик топтун мурдагы лидери Абу Бакр ал-Багдадинин орун басары деп айтылып келген Жасимди Ирактын атайын кызматы кармаган. Бирок Ирактын премьер-министри мындан башка маалымат берген жок.

Белгилей кетсек, Багдади 2019-жылы Сириянын түндүк-батышында АКШнын атайын күчтөрүнүн рейдинде жок кылынган. Кошмо Штаттар «Ислам мамлекети» террордук тобунун Жасим баштаган башка лидерлери тууралуу маалымат бергендерге сыйлык жарыялаган болчу.

Сириядагы ич-ара согуштан жана Ирактагы туруксуз кырдаалдан улам баш көтөргөн «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу 2013-2014-жылдардан бери Ирак менен Сириянын бир катар аймактарын басып алып отуруп, «халифат» түзгөнүн жарыялаган. Бул топ үрөй учурган ырайымсыз кылмыштарга барып, миңдеген адамдардын өлүмүнө түздөн-түз себепкер болгон. Бул топко дүйнөнүн булуң-бурчунан, анын ичинде Кыргызстандан да барган жоон топ адам кошулуп кеткен.

Кийинчерээк «Ислам мамлекети» тобунун негизги позициялары талкаланып, согушкерлер Ирактан жана Сириянын көп аймактарынан сүрүп чыгарылган. Бирок бул радикал топтун бутактары Жакынкы Чыгышта жана Ооганстанда дагы деле активдүү экени кабарланып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости