www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мээрим Жуманазарова Сауд Арабиясындагы Ислам тилектештиги оюндарынын финалына чыкты.
Ал 68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалдык баскычынан баштаган.
Кыргызстандык спортчу адегенде Бангладештин спортчусун далысынан басып, андан соң Азербайжандын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Жуманазарова финалга чыкты, ал жерде Светлана Окназарова (Өзбекстан) - Ирина Казюлина (Казакстан) жубунун жеңүүчүсү менен күрөшөт.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.
68 кг чейин
1/4 финал
Халима Актер (Бангладеш) - Мээрим Жуманазарова - Жуманазарованын таза жеңиши
1/2 финал
Мээрим Жуманазарова Нигар Мирзазада (Азербайжан) 12:1
Финал
Мээрим Жуманазарова Светлана Окназарова (Өзбекстан) - Ирина Казюлина (Казакстан) жубунун жеңүүчүсү