www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 9-апрелдеги жыйында «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда колдоду.

Демилгечи – VII чакырылыштын депутаттары Илимбек Кубанычбеков, Нурланбек Тургунбек уулу, Эльмурза Сатыбалдиев, Данияр Толонов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Айбек Алтынбеков, Бактыбек Сыдыков, Равшанбек Рысбаев, Жалолидин Нурбаев, Нурбек Алимбеков, Улан Бакасов, Ырысбек Атажанов, Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Бекмурза Эргешов, Эльдар Абакиров, Эльдар Сулайманов, Алишер Козуев, Азамат Исираилов, Гүлсүнкан Жунушалиева, Алтынбек Кылычбаев, Табылды Муратбеков, Бактыбек Чойбеков, Эльвира Сурабалдиева, Бактыяр Калпаев.

Маалымат менен Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев тааныштырып, мыйзам долбоору Ислам банк иши жана финасылоо принциптерине байланыштуу Жарандык кодекстеги ченемдерди оптималдаштыруу максатында иштелип чыкканын билдирди.

Демилгечилердин бири, депутат Илимбек Кубанычбеков белгилегендей, мыйзам долбоорунда мурабаха келишимдеринде менчик укугун түздөн-түз кардардын атына каттоого уруксат берүү, кемүүчү мушараканы биргелешип мүлк сатып алуу формасы катары кеңейтүү жана ислам финансылык инструменттеринин тизмесин мыйзам алдындагы актылар аркылуу кеңейтүүгө мүмкүндүк берүү сунушталууда.

Талкуу маалында депутаттар Болот Сагынаев, Гүлшаркан Култаева, Уланбек Жаанбаев, Жаныбек Аматов жана Айсаракан Абдибаева мурабаха, мушарака келишимдери менен салттуу насыянын ортосундагы айырмачылыктарды тактап, муну жарандарга так түшүндүрүү зарылдыгын белгилешти.

Депутат Дастан Жумабеков аталган терминдерди мамлекеттик же расмий тилде колдонууну сунуштады. 

Депутат Салтанат Аманова ислам принциптери боюнча каржылоо кандай тартипте жүргүзүлөрүнө кызыгып: «Товарга кошулган үстөктүн көлөмү канча? Кардар төлөй албай калган учурда менчик укугу кимде калат? Талаштуу жагдайлар эмнеге негизделип чечилет? Мыйзам долбоорунда бардыгы так жазылышы шарт», - деп билдирди.

Депутат Алишер Козуев аталган келишимдер боюнча Улуттук банктын пикирин сурап, мыйзам долбоорундагы ченемдерде ислам принциптери так сакталышы керектигин кошумчалады.

 

Последние новости