www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз армиясынын абалын, аскерлер жөнүндө мыйзамды жакшы билген экс-депутат, генерал Исмаил Исаковду кепке тартып, жалган документ менен “Ооган согушунун катышуучусу, афганец” болуп алып, мамлекеттин бюджетине зыян келтирди деген сөздөргө жооп алууга аракет кылдык.

- Исмаил Исакович, сиз аскер адамдарынын турмушун, жашоосун, алар тууралуу жазылган мыйзамдары жакшы билесиз. Коомдо жаман тенденция башталып, акыркы убакта “150дөн ашык аскер адамы жалган документ менен афганец болуп алып, мамлекеттен түрдүү жеңилдиктерди жана пенсия алып, бюджетке эбегейсиз зыян келтирип жүрүшөт” деп сөз таркаткан эксперттердин тобу пайда болду. Эксперттер айткан маалыматтарга ишенсек болобу?

- Мына ушул “экспертпиз” деген адамдын тобу кээде чоң катачылыкка жол берип, өздөрү терең билбеген тармакты сындап, туура эмес маалымат берип, коомдо терс пикир жаратып жатышат. Эгер эскперттер өзү дасыгып, бышкан тармак тууралуу сөз кылып, катачылыктарды санаса алардын айтканына ынанат элем. Маселе, эксперт дегендин баары эле тажрыйбасы жок адам экендигинен, маселени тереңден билбегендиктен жаралып жатат. Айтайын дегеним, эч бир мамлекеттик кызматта иштебеген жарандарыбыз же болбосо армияга такыр барбаган жигиттерибиз же армияда болсо, чоң аскердик кызматтарда кызмат өтөбөгөн же армиядан түшүнүгү жок жигиттерибиздин баары эксперт болуп алып, өз билгенине жараша сүйлөп, ойлорун элге сиңиргенге аракет кылып жатышат. Алардын туура эмес сөзү аскерлерге канчалык зыян алып келээрин билишпейт. Жасалма документ менен “ооганчы” болуп алып, мамлекеттин бюджетине зыян келтирип жатат деген ойду да дал ошол тажрыйбасы, аскер тармагында түшүнүгү жоктор айтып жатышат. Мен бир нерсени баса белгилеп койгум келет. Анткени, мен да учурунда башкы штабды жетектеп, бир канча жигиттерди 3-6 айга “Ооганистанга барсын”- деп кол койгом. Ал мезгилде патриот болчу. Өлүмгө баратса да, “мекеним, элим үчүн жаным курман” деп артка карап кылчакташчу эмес. Буйрук чыктыбы, жок дебестен кетишчү.

Ошон үчүн” ооганчылар” тууралуу оң-тескери пикирлерди айтып, аларга сокку кылганды токтотушубуз керек. Ошол мезгилде штабды башкарган аскер адамы тууралуу өйдө-ылдый пикирлердин чыгышына себеп болгон жагдайларды түшүндүрөйүн. Аскерлердин бир тобу түз барып аскердик бөлүктөрдө кызмат кылышса, кээ бири атайын тапшырмалар менен барышчу. Алар ок-дары же зарыл болгон нерселерди жеткирип, өмүрүн тобокелге салышчу. Өкүнүчтүүсү, ички приказдарды сактоонун мөөнөтү чектелүү болгондуктан, азыр көпчүлүгү барганын ырастачу документ таба албай кыйналып жатышат. Анткени, талаш жараткан маселени далилдеп берчү командирдин көзү өтүп кеткен болсо да Ооганстанга кызмат өтөгөнүн далилдөө кыйынчылык жаратат. Көп афганецтер мезгилинде жанын аябай кызмат өтөп, бүгүн “жалган документ менен афганец болуп алды”- деген саясаттын курмандыгы болуп жатышат. Негизи соттор, тергөөчүлөр өздөрү иликтеп, маселенин чын-бышыгына чыгарууга аракет жасашы керек болчу. Бирок, алар андай иликтөө жүргүзбөй жыйынтыгында, бир топ адамдарды “Ооганистанда кызмат өтөгөн эмес” деп жаман атты кылгандар чыгып жатат. Чынында ал жигиттер ошол мезгилде мекенибизди, элибизди коргойбуз деп үйүнө, ата-энесине карабай, кан күйгөн алыскы жерлерде кызмат өтөшкөн. Ошон үчүн алардын эмгегин кээ бир адамдардын жеке кызыкчылыгынан жогору коюшубуз керек. “Сен ал жерге барбапсың, сен ал жерде кызмат кылбапсың”- деп жээригенди токтотуп, биздин коом бул маселени кайрадан карап чыгып, “жеген экен, төлөсүн” дегендерге жооп кайтарышы керек. Анткени, эл жептир дегенге бат ишенет.

- Сиз айткан маалыматты тийиштүү тармактагылар да билеби?

Президенттин аппаратындагылар билсе керек. Анткени, аларда дагы Ооганстанда кызмат өтөгөндөр тууралуу жетиштүү маалыматтар бар.

- Айтканыңызга ынаналы. Бирок, Ооганстанда кызмат өтөгөнүн далилдейин десе да, далили барларга маани бергиси, карагысы келбегендер бар экен го. Бул жагдайды атайын бирөө жеке кызыкчылыгы үчүн жагымсыз жагдай жаратып, атайын каралоо аракетин жасап жаткан жокпу? Анткени, мисалы мына жакында Ташкенттеги архивден атайын, генерал Рысбек Мирзаматовдун адвокатынын запросу менен келген архивдик выписка менен тааныштык. Ал справкада ага лейтенант Р.Мирзаматов атайын иш сапары менен тизмеде 17-болуп Афганистанга баргандыгы тастыкталып жатат. Анан КПССтин жана СССРдин совет министиринин токтомуна ылайык Афганистандагы интернационалдык согуштун катышуусу катары эсептелери көрсөтүлүп турат. Бирок эмнегедир биздин прокуратура ал кагазды жаратпай, же өзүлорү запрос бербей жатканы таң калыштуу болуп жатпайбы. Бул жөн эле саясый ыңгайга байланыштуу ишаракет эмеспи?

Андай десек да болот. Бүгүнкү күндө коомдо жашырганыбыз менен генералдарды запастагы офицерлерди каралоо кетип жатат. “Ооганчылар” мына ушундай саясаттын курмандыгы болуп жатышат. Бирок, адилеттүү болуп, алардын эмгегин талаага кетирбей, туура чечим кабыл алышыбыз керек. “Ооганчылар” да мезгилинде ата-энесинин эң сүйүктүү балдары болгон. Азыркы мезгилде балдары армияга барса, “алыс жакка кетип жатыптыр, Бишкекке эле калтырып берчи”- деп суранышат. Ал мезгилде ата-энелер жакшы көргөн жалгыз баласы болсо да, “баламды жакын жерге калтырып берчи” деп суранышкан эмес. Кайда бөлүнсө, ошол жакка кызмат өтөшкөн. Союздун курамындагы мамлекеттер эмес, кээде келишим боюнча андан да алыс жерлерге барып, кызмат өтөшчү. Ошон үчүн афганецтерге тил тийгизгенибиз орунсуз болуп калат.

- Азыр “Атамбаевдин кадрларына куугунтук башталды” деген коңгуроо кагыла баштады. Сиз чыныгы куугунтукту көрө алдыңызбы?

- Бүгүн күндө бийлик КСДПнын колунда. Ошон үчүн бүгүнкү күндө тиги же буга саясый куугунтук башталды деп айта албайбыз. КСДПдагылар бири-бирин куугунтуктамак беле. Менин баамымда, булар мамлекеттик бийликти пайдаланып, өздөрүнүн кызыкчылыгын гана басым жасаган ой менен кетип бара жатышат. Азыр болбосо да, бир жылдан кийин кандай максатта иш алып баратканы ачыкка чыгып, азыр табышмак болуп жаткан жагдайлардын тамырлары көрүнө баштайт.

- Бирок, азыркы президент “таза жолго түшөлү, жеп-ичкендерди жазалайлы”- деген ниет менен иш алып бараткандай го... - Мен да ошол ойго ишенип турам. Анткени, Сапар Исаков тышкы саясат боюнча президенттин аппаратындагы бир бөлүмдүн гана башчысы болгонуна карабай Тышкы иштер министриндей эле таасирдүү адам болуп алган. Мына ошондой аракеттери үчүн шектелип жатса керек. Азыр мен буларды күнөөлүү деп айта албайм. Күнөөсүн сот далилдесин.

- Алмазбек Атамбаевди “Белизгейт” боюнча артист кылып коюштубу же ал иштин башында экс-президент өзү турганбы?

- Ал маселе боюнча президент өзү башкы режиссёр, актёр, башкы сценарист болду. Өзү таап чык деп айтпаганда булар Белизге барып, жасалма документ алып келишпейт эле. Мунун баары атайын уюшулуп жасалган нерсе.

Маектешкен Сабыр Муканбетов

Булак: “Майдан. Kg”

Последние новости