www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул күздө Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бул “аламан” жарышка аттана турган саясатчылардын ысымдары азыртадан белгилүү боло баштады. Бийликтеги КСДП өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттү. Көпчүлүк талдоочулар, жарандык коомдун мүчөлөрү аталган партиянын бул кадамын жогору баалап, С.Жээнбековдун талапкерлигин жактырууда. Албетте, буга премьер-министрдин басып өткөн байсалдуу жолу, тазалыгы, бийик адамгерчилиги себеп болууда.

Ошол эле кезде Сооронбай Шариповичтен кынтык издеп, суу кечпеген ыплас иштерге айыптагандар да бар. Маселен, буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экс-жетекчиси Абдылда Капаров “бир тууган Жээнбековдор 2010-жылы убактылуу өкмөт бөлгөн 3 млн. долларды өз чөнтөктөрүнө салып койгон жана 145 автомат менен 20дан ашык тапанчаны элге тараткан” деген доомат койгон. Эми Сооронбай Жээнбековдун атаандаштары ушул маселени улам-улам көтөрүп, эч нерсе таппай калганда Капаровдун айтканы менен аны элге жаман көрсөтүүнү максат кылууда.

Бирок, Абдылда Капаровдун ким экенин, анын кандай шылуундук менен алектенип келгенин, милициядан кантип куулганын оштуктар жакшы билет. Керек болсо бир тууган Жээнбековдорду айыптаган мындай кептери соттон далилденбей, айып пул да төлөп кутулган. Учурда А.Капаров козголгон кылмыш иштин айынан темир тор артында жатат. Эми ушундай адамдын далилденбеген “сандырак кебин” кайра көтөрүп чыгуу акылга сыйбаган нерсе да.

Ош окуясын басууда аягына чейин турган генерал Исмаил Исаков да буга чейин эркин гезиттердин бирине маек куруп, Абдылда Капаровдун айткандарын жокко чыгарган. Ал июнь окуясында “жеймин” деген түшүнүк болбогонун билдирген. “Абдылда Капаров мырза конкреттүү кайсы этап жана мезгил тууралуу айтып жатканын билбейт экенмин. Кандай болбосун «Жээнбековдор 3 млн. долларды жеп алган» деген сөз чындыкка жатпайт.

Милиция кызматкерлери апрель-май айларында өз милдеттерин так аткарбай, кимисине кызмат кылышын билишпей, көпчүлүгүнүн авторитети кеткенине байланыштуу эл алдында форма менен көрүнгөнгө кудуреттери жетпей, көпчүлүгү качкан Бакиевдердин кызыкчылыктарын коргоого далбаластап калган учур болчу. Ошондой кырдаалда тынчтыкты, стабилдүүлүктү сактап калыш үчүн, чыккан өрттү улантпай, токтотуп калыш үчүн Ош облусунда Жээнбековдор ошол региондордун жетекчилери катары Кыргызстандын эли үчүн, авторитардык бийликке каршы турууда эбегейсиз чоң салымдарын кошушуп, стабилдүүлүктү сактап калышты”, — дейт ал.

Ошондой эле Исаков өз маегинде Убактылуу өкмөт тарабынан бөлүнгөн сумманын тыйынына чейин татаал абалды стабилдештирүү муктаждыктарына жумшалганын айткан. “Чындыгында мен ошол 3 млн. доллар качан жана кимге берилгенин так билбейт экенмин, бирок Убактылуу өкмөттүн бөлгөн акчалары толугу менен ошол учурдагы татаал абалды стабилдештирүү муктаждыктарына жумшалган. Ошондой кырдаалда кайдагы «жеймин» деген ой жаралсын. Ал кезде бир гана максат – өрттү күчөтпөй, тез аранын ичинде өчүрүп, стабилдүүлүктү камсыз кылуу болчу”, — деп белгилейт ал.

 145 автомат менен 20дан ашык тапанча “супер” жомок

Ал эми 145 автомат жана 20дан ашыкча тапанча тууралуу суроого жооп берген Исмаил Исаков Абдылда Капаровдун мындай айыптоосун “супер” жомок катары баалаган.  “145 автомат жана 20дан ашыкча тапанча тараткан” дегени менин оюмча “супер” жомоктой эле. Эмне алардын өздөрүнүн курал сактаган складдары барбы же курал чыгарган заводдору бар беле, аны алар каяктан алышты? Бул фактысы жок айыптоо.

145 автомат жана 20 тапанча аскер термини менен айтканда эки аскер бөлүгүнүн, тагыраак айтсак, эки ротанын аскерлеринин куралы, аны кайсы складдан алып чыкканы, кандай машина менен ташыганы, кимдер жүктөгөнү менин оюмча азыр айкын болмок. Жүктөгөндөрдөн, ташыгандардан, тараткандардан бүгүн жок дегенде бирөө-экөө чыкмак “мен жүктөдүм, мен ташыган элем” деп”, — дейт генерал.

Абдылда Капаровдун калп айтканы этикага дагы, адамгерчиликке дагы жатпайт

Генерал Исмаил Исаков ошол эле маегинде Абдылда Капаровдун мындай калп айтканы этикага да, адамгерчиликке дагы жатпай турганын айткан. “Негизи мырза Капаров милициянын полковниги жана ошол учурдагы облустук ички иштер органынын жетекчиси катары мындай нерсени айтып чыкканы этикага дагы, адамгерчиликке дагы жатпайт.

Эгерде өзүнүн фактысы болсо ошол учурда «эмнеге таратып жатасың, бул мыйзамга туура келбейт, мен кызмат адамы катары сиздерге чара көрүшүм керек» деп айткан эмес, чара көргөн эмес, чара көргөнгө кудурети жетпесе, мага келип маалыматтарын айткан эмес.

Мен ошол учурда кырдаалды стабилдештирүү боюнча түнкү окуялар жана аткарылган аракеттердин жыйынтыгы боюнча эртең мененки саат 7.00дє, күндүзгү иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча кечки саат 22.00дє бүт күч структуралардын жетекчилерин, губернатор, мэрлердин катышуусу менен ар күнү жыйын өткөрүп жүргөмүн. Мырза полковниктен мага андай маалымат түшкөн эмес”, — дейт ал.

Кыскасы, Сооронбай Жээнбековду июнь окуясы боюнча айыптап, андан кынтык табуу мүмкүн эмес. Канкор Бакиевдер түштүктү бөлүп алып, башкарууну максат кылып, бүтүн Кыргызстанды бүлүндүрүү аракетин жасаганда дал ушул Жээнбековдордун аракети менен алардын арам ойлору таш капкан. Буга тарых өз баасын берет. Бирок, кыйын кырдаалда эл үчүн ак иштеген адамды кайдагы “мандемдүү” адамдын “сандырак” кеби менен каралоо Кудайга да жакпайт.

Булак: "de-facto"

Последние новости