www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иште айып тагылгандардын бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков тергөө үстүртөн жүрүп, бир нече жагдайлар эске алынбай калганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» курган маегинде билдирди. Анын айтымында, тергөөдө айыпталуучулар сунуштаган өтүнүчтөр эске алынбай, бир тараптын гана дооматтарына басым жасалган.

"Негизги ишти тергөө аткырышы керек болчу. Анын жүрүшүндө ар бир коюлган доомат боюнча адамдарды алып келип беттештириш керек эле. Бир нече адам менен беттештирүү керек деп өтүнүч келтирдик. Бирок ал аткарылган жок", - деди Исаков.

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-августта белгилүү болду. Анын негизинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлду. Бул боюнча алгачкы соттук жараян 15-августта башталат.

Буга чейин Башкы прокуратура тергөө ар тараптуу жүргөнүн билдирген.

Булак: Азаттык

 

Последние новости