www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжан шейиттердин канын жерде калтырган жок. Шейит болгон жоокердин каны душмандарга кымбат болду, алар муну унутпашы керек. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхом Алиев жергиликтүү телеканалга берген маегинде билдирди.
Журналист андан август айынын башында Армениянын куралдуу күчтөрү Карабакта жасаган провокация тууралуу сурады.
«Шейитибиздин каны жерде калбаганын баары көрдү жана көрүшү керек. Ошол замат «Өч алуу» операциясын жүргүзүп, шейитибиздин өчүн алып, каршы тарапты катуу жазаладык. Бир нече саатка созулган «Өч алуу» операциясы жаза чарасы болгон. Азербайжан шейитинин каны душмандарга кымбат болду жана алар муну унутпашы керек», - деди президент Алиев.
Мамлекет башчынын айтымында, Армения дагы мындай провокация жасаса, ага катуу жооп кайтарылат.
«Эгерде ушундай эле провокация кайталанса, ошол эле жооп келет жана бизди эч ким токтото албайт. Биз өз жерибизде каалаган убакта каалаган операцияны жасай алабыз. «Өч алуу» операциясынын кыска мөөнөттүн ичинде максималдуу эффективдүүлүгү биздин күчүбүз жетиштүү экенин жана ошол эле учурда жаңы согушту каалабай турганыбызды көрсөтүп турат», - дейт Илхом Алиев.
Баку Ереванга от менен ойнобоону, өзүн жакшы алып жүрүүнү, жаңы реалдуулуктарды кабыл алууну жана аскердик провокациялардан качууну бир нече жолу эскерткенин баса белгиледи.
«Тилекке каршы, бул жолу аларга сабак берүүгө туура келди. Эми унутушпайт деп үмүттөнөм. «Өч алуу» операциясынын максаты шейитибиз үчүн гана өч алуу эмес. Башкы командачы катары мен алдыма башка максаттарды жана милдеттерди койдум, алардын баары ишке ашты. Натыйжасы белгилүү, бул тууралуу көпкө айткым келбейт. «Мен жөн гана айткым келет, биз каалагандан да көптү жасадык жана экинчи тарап муну дагы бир жолу кабыл алышы керек».
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 3-августунда Орусиянын бейпилдик контингенти убактылуу жайгашкан Азербайжандын аймагында Армениянын мыйзамсыз куралдуу күчтөрүнүн мүчөлөрү Азербайжан армиясынын позицияларына катуу ок чыгарганын расмий Баку кабарлаган. Лочин облусу тарапта болгон, анын кесепетинен бир адам каза болуп, 14 адам жаракат алган.
Азербайжандын Коргоо министрлиги «Өч алуу» операциясы өткөрүлгөнүн жарыялады. Операциянын башталышына Армениянын куралдуу күчтөрүнүн Лочин аймагы багытындагы турумдарына ок атканы себеп болгон. Кол салууда бир аскер каза болду.
Булак: NazarNews.kg