www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Бизде ар бир шайлоо жөн өтпөй калган. Эгемендик алган күндөн ушундай жаман адатты жакшы өздөштүрдүк. Өтпөй калган партия же талапкер сөзсүз түрдө бийликке нааразы болуп, анысы аз келгенсип, элди көчөгө чыгарганга үлгүрүшөт.
Ал эле эмес дүрбөлөң, акыр-аягы бийлик алмашууга чейин барат. Бу жолку шайлоону бийлик “таза өткөрөбүз” дешти эле, ал да өз максатына жетпей калдыбы же?.. “Жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска” дегендей, баягы эле президент “күнөөлүү” болуп жатат. “
Бийликке каршы күчтөр жазга карата даярданышып, каршылык көрсөтүшөрү болжонууда.
Оппозициянын биригүүсү иш жүзүнө ашабы? Мындан ары саясый кырдаал кандай нукта өнүгүшү мүмкүн?”
-- Бийликке каршы кайсы күчтөр даярданып, жазда каршылык көрсөтөрү боюнча менде маалымат жок, чынында билбейт экенмин. Оппозиция биригеби-бирикпейби, азырынча менин ишим жок.
Өзүбүздүн партиябыз жана позициябыз боюнча айтсам, биз шайлоону бурмалоо, фальсификация, добуштарды уурдоо жана сатып алуу жолдору менен өткөндүгүнө байланыштуу тааныбайбыз, бийликтин сөзүн эске алып, БШКга бир нече жолу чектерди, протоколдорду жана бюллетендерди салыштырып, алар менен биргелешип эсептеп, текшерип чыгалы (?) десек уруксат бербей, “макул” деген сөздөрүнө турбай, баш тартып коюшту.
Биз сотко бердик, соту да отказ берди, азыр Жогорку сотко бердик. Эгерде мыйзамдуу аракетибиз ишке ашпаса, бизди түртүп көчөгө чыгарып коюшса, анда биз сыртта, өтпөгөн партиялар менен бирге квотаны бөлүштүрүп, элдик парламент түзүп, маселелерди кабыргасынан коюп, чечимди кабыл алып, аткаруу бийлигине бере беребиз.
Элибизге кайсы парламент – бийликтин легитимсиз парламентиби же азчылыктын элдик парламентиби (?) деп салыштырганга мүмкүнчүлүк беребиз. Андан кийинки кадамдар шартка жараша болот буюрса.
Булак: Азия News гезити