www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын шалаакылыгынан улам кетирилген кемчилик жалпы шайлоо процессине көө жаап, элдин ишенимин кетирип, коом ичине бүлүк салууда. Сервер өчүп-күйгөндөн кийинки күмөн саноолорго БШК канчалык деңгээлде актанса дагы жуулбай, нааразылык күн санап көбөйүүдө. Мунун арты жакшы бүтпөй калышы ыктымал экенин баарын жон териси менен сезип жатат. Мындан улам учурда кайра шайлоо өткөрүү ылайыктуу деген пикирлер арбыды.

--Сервердин өчүшү боюнча БШКнын жообуна канааттандыңызбы? Же кайра шайлоо өтүшү керекпи?

--Сервердин өчүшү боюнча биз канааттанган жокпуз. Булар өчүрүп өздөрүнө тууралашты. Азыр актанып, ар кандай «далилдерди» айтып, элге таңуулап жатканы менен эртедир-кечтир чындык билинет. БШКда Кореянын айтишнигин отурганы, М.Иманкуловдун “хакердик чабуул”, Шайлдабекованын “техникалык сбой” деп, бирине-бири дал келбеген жомоктору буга далил.

Ошону менен бирге АСУдан чыккан чектерди жана эсептин протоколдорун ошол замат шайлоо участкаларында илбегени, байкоочуларды эсептөө иш аракеттерине катыштырбай, чек, протоколдорду он күндөн кийин сайтка жарыялаганы жана бюллетендерди 01 пайыз эмес, 100 пайыз ашыкча чыгарганы да мыйзам бузуу болуп саналат.

Биздин талап, жаңыдан добуш берүү күнүн белгилеп, кайра добуш бердириш керек. Азыр биз чектерди, протоколдорду жана бюлетендерди салыштырып эсептеп чыгалык Президент мырза айткандай десек, ошого да уруксат бербей жатышат.

Демек, ашмалтайы чыгып калаарынан коркушууда деген тыянака келип жатабыз. Президенттин айтканын БШК четке кагып койду. Алар укпаса эмнеге айтат? Эми сот аркылуу кайрылалык деп документтерди даярдап жатабыз.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости