www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратуранын, «Бишкек машина куруу заводу» ААКтын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигинин булактары билдирди.
Кызматкерлер кечээ, 14-декабрда кармалып, УКМКнын абагына камалган.
Алдын ала маалыматка караганда, УКМК жана Башкы прокуратура коррупциялык схеманы аныкташкан. Мыйзамсыз ишке Башкы прокуратуранын, Каттоо кызматынын жана «Бишкек машина куруу заводу» ААКтын кызматкерлери тартылган. Шектүүлөр «Бишкек машина куруу заводу» ААКтын Сокулук районундагы жер тилкелерин 600 миң доллардан ашык акчага сатып жиберишкен.
Булак: NazarNews.kg