www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам чегинде иш алып барып жатат. Анын натыйжасында туура эмес иш жасагандардын кылмышы ачылууда. Атамбаевдин айланасындагы адамдардын көпчүлүгүнүн жегендери эми чыгууда. Демек айланасындагы адамдар кандай болсо өзү да ошондой дегенди түшундүрөт. Азыр эки ажонун ортосунда тирешүү улана берет. Атамбаев авантюралык аракеттерге барыш, жок кылганга аракет кылат. Муну анын мүнөзүн билген улам айтып жатамын. Айткени андай ишти жасоого шыгы бар.

Атамбаев менен Жээнбеков мындан ары элдешүүгө барбайт. Себеби экөө элдеше турган болсо, азыркы коррупциялык иштердин бети ачылбай калат. Бирок, эки ажонун тиреши коомдун тынчтыгына таасирин бериши мүмкүн. Анткени Атамбаевдин мүнөзүн мен жакшы билгендиктен, ал Жээнбековго карата саясий басым жасаганга аракет кылат.

Булак: "Майдан"

Последние новости