www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Көздүн микрохирургиясы" ооруканасынын кызматкерлери №6 шаардык клиникалык ооруканасынын корпусун бошотушту. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, муниципалдык менчик боюнча комиссиянын жыйынында ижара келишимин бузуу чечими кабыл алынды.

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери ооруканага келип, имаратты толугу менен бошотууну суранышкан. Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин кызматкерлери жеринде иш алып барышкан.

Белгилей кетсек, "Көздүн микрохирургиясы" ооруканасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов учурда Бишкек шаарындагы СИЗО-1де жатат. Ага жана Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлерине “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алар "мыйзамсыз түрдө материалдык пайда жана башка жеңилдиктерди алуу максатында кылмыш иштерин жасаган" деп шектелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости