www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таразда беш кишиден турган үй-бүлө иске ууланып, өлүп кала жаздаган. Бул тууралуу "Казахстанская правда" жазды.

Окуя 6-март күнү саат 22:00дөр чамасында болгон. Тараз шаардык милициясынын жашы жете электердин иштери боюнча инспектору Алишер Ермековдун айтымында, ал мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Элмира Еселбаева менен биргеликте окуучунун сабакка келбей калышынын себебин билүү үчүн келген. Ал күнү 8 жаштагы бала мектепке келген эмес, ата-энеси телефонго жооп берген эмес.

Дарекке жеткен милиционер дарбазаны тыкылдата баштаган, бирок ага эч ким ачкан эмес. Коңшулары үй-бүлө кечээтен бери көрүнбөй калганын айтышкан Бир нерсе туура эмес болгонун сезген Алишер Эрмеков кошунасынын уруксаты менен анын тосмосун ашып, мектеп окуучусу жашаган үйдүн коррсуна кирген.

«Үйгө барганда терезеден жерде эс-учун жоготуп жаткан баланы көрдүк. Эч ойлонбостон терезени сындырып, бөлмөгө кирдим. Үйдө ачуу жыт чыгып, жашоочулар көмүр кычкыл газына ууланышканын түшүндүм. Мен дароо газды өчүрүп, бардык терезелерди ачтым», - деди Эрмеков.

Бардык бөлмөлөрдү кыдырып чыккан милиционер 58 жаштагы үй-бүлө башчысын, анын 47 жаштагы жубайын, 12 жана 10 жаштагы кыздарын жана 8 жаштагы уулун сыртка алып чыккан. Жабыркагандарга дароо биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң тез жардам бригадасына өткөрүлүп берилген.

Дарыгерлердин айтымында, үй-бүлөгө бир аз кечирээк жардам көрсөтүлсө, эч ким аман калмак эмес. Милиция кызматкеринин жана мектептин директорунун орун басарынын кесиптик иш-аракеттеринин аркасында үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости