www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Исмат Бегжанов Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун жоругу тууралуу пикирин билдирди.

"Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу жабырлануучу тосмо арыз жазып Абировду кечиргенин билдирди. Эми мыйзамга кайтып келсек. Депутаттар албетте кесиптешин коргоп калуу амалын көрүшөт, эгерде Абировду коргоп калышса, элге өздөрү жаман көрүнүп калышат. Ошол үчүн бул окуяны кайра козгобойлу, көз жаздымда кала берсин деген таризде аракет кыла башташты. Жада калса мушташтын чоо-жайын иликтей турган комиссия да түзүп, убакыттан “утууга” аракет кылып жатышат.

Прокуратура мыйзам боюнча Жогорку Кеңештен Абировду жоопкерчиликке тартууга уруксат сурады. Парламент макулдук бербөөгө аргасы жок. Айыбы угузулуп, убактылуу ыйгарым укуктарынан четтейт. Ал эми жабырлануучу тосмо арыз жазып берсе, кылмыш иши жеңилдетилет, бирок биротоло кылмыш иши жоюлат дегени эмес. Сот өз укуктук баасын берет!

Мыйзам бардыгы үчүн бирдей. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын көзөмөлдөчүү орган. Ошол мыйзам биринчи өздөрүнө иштеши керек!

Эгерде депутаттын ордунда жөнөкөй жаран болгондо, ошол күнү эле темир тор артына киргизилип, айыбы угузулмак. Жабырлануучунун тосмо арызы да жардам бермек эмес!

Шайлоо учурунда элди айга-күнгө теңеп добушун аласыңар, анан ошол шайлоочуңарды тумшукка соккулайсыңар. Эртең эле шайлоо болот, кайра элдин астына кантип барасыңар?!", - деди Бегжанов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости