www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жо Байденди сотко беришти

Бир нече экологиялык уюмдар АКШнын президенти Жо Байденди Алясканын түндүк-батышында нефть жана газ скважиналарын камсыздай турган ConocoPhillips долбоорун бекитүү чечимине байланыштуу сотко беришүүдө.

Доо арызда бургулоо участокторун сезгич чөйрөдө куруу пландалып жатканы белгиленген. Уюмдардын айтымында, скважиналар аймактагы суунун, абанын сапатына, ошондой эле адамдардын жана жаныбарлардын жашоосуна олуттуу таасирин тийгизет. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча активисттер Жер ресурстарын башкаруу бюросу анын баштапкы көлөмүн кыскартканына карабастан, долбоорду бекитүү төрт экологиялык мыйзамды бузуп жатканын айтышты.

Уюмдар агенттикти долбоор Алясканын түпкү жерлерине келтире турган зыянды баалай албаганы үчүн айыпташты. Доо арыз ошондой эле Балык жана жапайы жаратылыш кызматы скважинанын жоголуп бара жаткан жаныбарларга, анын ичинде ак аюуга тийгизүүчү потенциалдуу таасирин тийиштүү түрдө эске албагандыгы айтылат.

Долбоорду ConocoPhillips Willow туунду компаниясы иштетет. Эсептөөлөргө ылайык, нефтини өндүрүү болжол менен 600 миллион баррелди, ал эми парник газдарынын эмиссиясы жылына 280 миллион тоннаны түзөт.

2022-жылдын сентябрында АКШнын алты штаты Байденге, Билим берүү министрлигине жана анын башчысы Мигель Кардонага каршы айрым америкалыктар үчүн студенттик карыздарды кечүү чечиминен улам кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп сотко кайрылышкан. Доочулардын айтымында, президент миллиондогон адамдарды өз ыктыяры менен алган карыздарын төлөө милдетинен бошотууга укугу жок.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости