www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-мартта Тик Токто Мухтар Аблязов казак бийлигин кетирүү тууралуу элине жар салып, 17-мартка митингге чакырды. Ал өз сөзүндө тез аранын ичинде казак президентин тактан кулатып, жаштарды бийликке алып келүү керектигин айтты. Аны менен бирге Мухтар Аблязовду колдогон Заманбек Тлеулемов митингге миңдеген жарандар чыкса бийлик өзү кетет, деген пикирин айтууда.

Талкуудагы айрым жарандардын пикирин окурмандарга жарыялайбыз.

Жаран: — Канчалаган элдер митингге чыкты, баары камалды?

Заманбек Тлеулемов: — Аз эле чыксаңар албетте камап коет.

Жаран: — Элди митингге чакырып атасыңар, өзүңөр кайсы шаарда жүрөсүңөр?

Заманбек Тлеулемов: — Биздин эфирдин темасы, “Казакстанга өзгөрүү керекпи же керек эмеспи?” деген талкуу.

Жаран: — Албетте өзгөрүү керек, бирок...

Мухтар Аблязов: — Өзгөрүү митинг менен гана өзгөрөт. Бизде баардыгы аманат. Ошон үчүн митинг өзгөрөт. Ушул жылы бийликти кулатуубуз керек.

Магжан Жегипаров активистке: 

— Заманбек сиз митингди баштап жатасыз, кайсы калаага баруу керек. Ал митингди ким жасайт. 

Заманбек Тлеулиев: — Мен бара албаймын, басам камап коет. 

Магжан Жегипаров: — Митингге келе албасаң анда неге элди чакырып жатасың? Лидер болушу керек го. 

Жаран: — Макул, бийликти алмаштырдыңар, ким бийликке келет?

Мухтар Аблязов: — Баардык маалыматтарды социалдык баракчабыздан алыңыздар.

Мухтар Аблязов учурда казак элин бийликти төңкөрүш жолу менен алмаштыруу керек экендигин ачык жарыялоода. Анын айтымына караганда бийлик толугу менен 17-марттан 19-мартка чейин алмашат. 

Эске сала кетсек, Казакстандын мурдагы банкири Аблязов ар кайсы өлкөнүн 100дөн ашык жаранынан турган кылмыштуу чөйрөнү ири өлчөмдөгү акча алдамчылык үчүн түзгөн деп айыпталган.

"БТА Банктын" экс-топ-менеджери Мухтар Аблязов 2017-жылы Алматыда сыртынан 20 жылга эркинен ажыратылган.

Андан сырткары, Аблязов Кыргызстандагы 2005-жылкы революцияны каржылаганын билдиргени менен белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости