www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча кылмышка шектүү катары эки киши эки айга камалды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарды.

Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан А.Д. жана П.Э. бир айга, башкача айтканда 2023-жылдын 13-апрелине чейин СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандалды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1988-жылы туулган П.Э. 1987-жылы туулган А.Д. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тараган.

Жабырлануучу Октябрь РИИБине ден соолугуна залал келтиргендерге чара көрүп берүүсүн суранып, арыз менен кайрылган жана Улуттук госпиталга баш мээнин жабык жаракаты диагнозу менен жаткырылган.

Бул факты тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бул окуянын бардык катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери уланууда.

Президент Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылган.

Кечээ, 14мартта Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген.

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети башкы прокурордун сунушу менен депутат Жаныбек Абировго кылмыш ишин козгоого макулдук берүү боюнча атайын депутаттык комиссия түздү.

Булак: NazarNews.kg    

Последние новости