www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин «Кыргыз Милициясы» аталышындагы толук түстүү, 64 беттен турган журналы бар. Ар квартал сайын жарык көрүп келет. Аталган журналга Жумгал Райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу, милициянын майору Азамат Мукаев менен журналист Кубаныч Заинидин маек курду. 
 

Бала кезден башталган кесипке карай жол...

-Мен үчүн кесип тандоо деген түшүнүк болгон жок, себеби, атам Болот Айтбаев милициянын  ыкчам кызматкери болуп иштеди. Өмүр бою ички иштер органында иштеп жүрүп, полковник наамы менен эс алууга чыкты. Атамды көрүп эле, атамдын жолун жолдойм деген ой менен жүрүп башка кесип жөнүндө ойлонгон жокмун. Эсимде, кичинекей кезде атам “жигули” кызматтык унаасы менен түштөнүүгө келгенде анын фуражкасын кийип алып унаадан түшпөй отурчу элем. Ал кайра жумушка кетээрде араң алып калышчу. Атам экөөбүз көп чогуу жүрчүбүз, кино көрсөк дагы милициялар тууралуу тартылган детектив кинолорду көрөт элек. Ошонун баары фундамент катары калыптанып, келечек пайдубалга таасир берет экен. 

Кийин үй бүлөбүз, мен 8-класс кезимде атамдын ишине байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келдик. Мектеп которуш керек болуп, атамдын сунушу менен генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз Улуттук аскер лицейине тапшырып, ошол жакты бүтүрдүм. 2007-жылы лицейди аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы Академиясына тапшырып, ошол жактан Россия Федерациясынын Омск шаарындагы Ички иштер министрлигинин Академиясына өтүп, 2012-жылы милициянын лейтенанты наамы менен мекениме кайтып келдим. Академияны аяктап келгенден кийин Бишкек шаардык Свердлов РИИБдин тергөө кызматына тергөөчү болуп дайындалдым. Андан кийин Нарын шаарына которулуп кеттим. Адагенде Нарын ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү кызматына, андан кийин Нарын ОИИБдин тергөө кызматына дайындалдым. Ал эми Жумгал РИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучусу болуп, 2022-жылдан бери эмгектенип келем. 

Тергөөчүнүн куралы – мыйзам

-Тергөөчү катары айтайын; ар бир кылмышта же окуяда жабыркаган тарап, анан айыпталып жаткан тарап болот, ар бир окуяны тергөөчү текшерет, тергейт, экспертизаларды дайындайт, башкача айтканда тергөө аракеттерин жүргүзөт, ошолордун жыйынтыгы менен чечим чыгарат. Айрым жабырлануучулар тергөөчүнүн жыйынтыгы абдан эле жумшак болуп калды деп сыпаттап, нааразы болушат. Жабырлануучу айыпкерге “Катуу жаза алсын, 10-15 жылга соттолсун, мага мынча моралдык чыгым төлөсүн” деген сыяктуу талаптарды кое беришет. Бирок, мыйзам ага жол береби, жокпу(?) аны уккулары да келбейт. Ошол эле кезде кылмышка шектүү да,  “Тергөөчү мага көп жыл сурап жатат, муну эске албай койду же тигини эске албай койду” деп нааразы боло беришет. Тергөөчү мыйзамга карап гана иш алып барыш керек. Себеби, биздин курал мыйзам. Мурдагы мыйзамдар менен иш алып баруу кичине убакытты алчу. Учурда, өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2021-жылы кабыл алынган Жазык, Жазык-процессуалдык, Укук бузуулар кодекси менен иштеп жатабыз. Менин оюмда азыркы учурдагы кодекстерде тергөө кызматына мурунку кодекстерге караганда бир топ жеңилдиктер каралган. Мисалы, азыркы учурда кылмыш иш козгоодон баш тартуу, кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке тартууга адам аныкталбаса кылмыш ишин өндүрүштөн токтотуу деген беренелери тергөө кызматынын жумушун кыйла жеңилдетти. Биз да өз кезегинде замандан артта калбай, ар тармактан өзүбүздү өнүктүрүп, Нарын ОИИБдин контролдук-методикалык тобу тарабынан бир нече нускамалар чыгарылып, колдонууга берилген, ошолорду окуп үйрөнүп келебиз. Бул эми замандын талабы десем болот.  

Үй-бүлөң сенин бир канатың 

-Милициянын жумушу кандай экени айтпаса да белгилүү. Эрте кетип кеч келесиң, майрам күндөрдү көчөдөн же жумуштан тосуу кадимки эле көрүнүш. Кылмышкерлер бүгүн дем алыш же майрам деп үйүндө отурбайт да. Кээде үй-бүлөңдүн кубанычын тең бөлүшө албай калганда ичиңден сыгылып, кыжалат болсуң. Мисалы, балдарың бир ийгилик жаратса, жанында атасын көргүсү келет, 1-класска атам алып барса деп кыялданат же концерт коюп жатса, атам келип менин ырдаганымды көрсө деп ойлонушат. Бирок, кызматты таштап кете албагандыктан, кээде алар кыял бойдон калып кетет. Мен да милициянын баласы болгом, ошондуктан, балдарымдын сезими мага тааныш. Ушундай учурда үй-бүлөң колдоп, “мейли бул жолу болбой калса, кийинки майрамды чогуу белгилейбиз- деп жооткотуп коюшса бир аз жеңилдеп каласың. Келинчегим Жайнагул Курманалиева жеке ишкерлик менен алектенет. Жубайымдын жумушу меникинен да көп, ошого карабай менин кесибиме түшүнүү менен мамиле кылат. Үй бүлөң, колдоп турса, кызматтан ийгилик жаратат экенсиң. Себеби, жумушта жүргөндө бар оюң кызматта болуп, ар нерсеге кыжалат болбойсуң.  Жайнагүл экөөбүздүн ортобузда эки балабыз бар, уулум Бекжан 2-класста окуса, кызым Элайым бала бакчага барат. Бир мезгилдерде мен атамды тосуп алгандай болуп кызым мени жумуштан келгенде тосуп алса, балалыгым эрксизден эске түшөт. Милициянын жумушу оор экени талашсыз, бирок балдарым ата жолун жолдойм десе, атам сымал колдоп, аларга жол көрсөтөм.

Последние новости