www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети башкы прокурордун сунушу менен депутат Жаныбек Абировго кылмыш ишин козгоого макулдук берүү боюнча атайын депутаттык комиссия түздү.

Комиссиянын курамына Замирбек Мамасадыков, Дастан Бекешев, Айгүл Айдарова, Бахридин Шабазов, Мурадил Сыдыков, Медет Саккараев, Жусупбек Коргонбай уулу, Фарходбек Алимжанов жана Бактыбек Чойбеков кирди.

Белгилей кетсек, алар депутатты Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти сактоочу башка адамга каршылык көрсөтүү менен адамдардын тобу тарабынан жасалган бейбаштык” беренеси боюнча жоопко тартууну көздөп жатышат.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тараган.

Жабырлануучу Октябрь РИИБине ден соолугуна залал келтиргендерге чара көрүп берүүсүн суранып, арыз менен кайрылган жана Улуттук госпиталга баш мээнин жабык жаракаты диагнозу менен жаткырылган.

Бул факты тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бул окуянын бардык катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери уланууда.

Президент Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылган.

Кечээ, 14мартта Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген.

Булак: NazarNews.kg    

Последние новости