www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Испаниянын курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында Францияны 2:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды. Беттеш 14-июлда Арлингтон шаарында өттү.
Оюндун 22-мүнөтүндө Микель Оярсабаль пенальтини так аткарып, эсепти ачты. Ал эми 58-мүнөттө Педро Порро экинчи голду киргизди.
Ушуну менен Испания 2010-жылдан бери алгачкы жолу дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Финалда испаниялыктар Англия менен Аргентинанын ортосунда өтө турган экинчи жарым финалдын жеңүүчүсү менен беттешет. Бул оюн 15-июлга белгиленген.