www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу райондук соту Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидиновду мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылга эркинен ажыратты.
Өкүм 13-июлда чыгарылганын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Сот Сайпидиновду Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топко катышуу) боюнча күнөөлүү деп таап, жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөөнү белгиледи.
Ошондой эле сот аны Кылмыш-жаза кодексинин мурдагы редакциясы боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну уюштуруу жана өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирүү фактылары боюнча күнөөлүү деп тапты. Бирок бул айыптар боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен, жаза дайындалган жок.
Мунарбек Сайпидинов 2016–2020-жылдары Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүн жетектеген. Ал 2025-жылдын август айында Новосибирск шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.
Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Сайпидинов 2014-жылдан тартып айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлери, жер маселелери боюнча мекеменин өкүлдөрү жана жеке адамдар менен биргеликте Кара-Суу районундагы социалдык мааниге ээ болгон жер тилкелерин жана объектилерди мыйзамсыз түрдө мамлекеттик каттоодон чыгарып келген.
Ички иштер министрлиги бул аракеттердин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирген.
Буга чейин Сайпидинов уюшкан топко катышуу жана коррупция боюнча айыпталып жатканы маалымдалган.