www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген чет элдик жарандар өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу 14-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармакта мыйзамсыз аңчылык тууралуу маалымат тараган. Милиция жарандардын өздүгүн аныктап, аларды Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирген.
Жыйынтыгында КРдин жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн чет элдик 4 жаран өлкөдөн чыгарылды. Аларга өлкөгө кайра кирүүгө болбойт.