www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы 13-июлда Жаш Гвардия бульварында автобустун катышуусунда болгон жол кырсыгы боюнча текшерүү жүргүздү.
Кырсыктын кесепетинен 9 жаштагы бала каза болгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан кызматтык милдеттер талаптагыдай аткарылбаганы аныкталган.
Маалыматка ылайык, транспорт каражатын башкаруу укугунан жарым жылдан бери ажыратылган адамдын коомдук транспорт башкаруусуна жол берилген.
Ошондой эле автобустарды линияга чыгаруунун алдындагы техникалык көзөмөл формалдуу жүргүзүлгөнү белгиленди.
Бул факт боюнча прокуратура тарабынан жооптуу кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.