www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 21-сентябрда Истиклоль шаарындагы «Тажик-Кытай тоо-кен компаниясынын» металлургиялык ишканасынын экинчи кезегин ишке киргизди.

Ишкананын долбоордук кубаттуулугу жылына 30 миң тонна таза коргошун, 1 миң тонна жез штейни, 40 тонна таза күмүш жана 100 килограмм таза алтын өндүрүүгө эсептелген.

Ишкана үчүн чийки зат — коргошун-күмүш концентраты, жез жана алтын Зарнисор кенинен алынат. Даяр продукцияны ички рынокко чыгаруу менен катар экспорттоо да пландалууда.

Заводдун экинчи кезегинин курулушу 2023-жылы башталган. Ишканада жаңы технологияларды колдонуу менен кошумча наркы жогору болгон төрт түрдүү продукция өндүрүлөт.

Учурда «Тажик-Кытай тоо-кен компаниясында» жана анын ишканаларында 2,2 миң адам эмгектенет. Алардын 95 пайызын жергиликтүү тургундар түзөт.

Эмомали Рахмон заводдун жанында пайдалуу кендерди терең кайра иштетүүчү цехтерди камтыган технологиялык парк түзүү тапшырмасын да берди.

Сүрөт: Тажикстан Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

Последние новости