www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мунайзаттарын импорттоого көз карандылык жогору болгондуктан, дүйнөлүк жана сатып алуу бааларындагы өзгөрүүлөр күйүүчү майдын, жүк ташуулардын, азык-түлүктүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына түздөн-түз таасир этет.

Тышкы баалардын өсүшүнүн таасирин азайтуу максатында мамлекет импорттолгон күйүүчү майдын иш жүзүндөгү наркы менен белгиленген чекене баанын ортосундагы айырманы компенсациялоо механизмин колдонууда.
24–25-августка карата мунай сатуучу компанияларга 956 млн 139 миң сом жөнөтүлгөн.

Күйүүчү майдын баасын субсидиялоо механизми 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартылган.

Учурда күйүүчү майдын максималдуу чекене баалары төмөнкүдөй белгиленген:
АИ-92 бензини — 87,90 сом/литр;
дизель майы — 99,90 сом/литр;
автоунаа газы — 48,80 сом/литр.

Мамлекеттик компенсация болбогондо, импорттолгон күйүүчү майдын иш жүзүндөгү наркына жараша АИ-92 бензининин баасы болжол менен 111–118 сом, дизель майы 125–137 сом, автоунаа газы 51–54 сом болмок.

Последние новости