www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылдын январь айында Локтев районунда Алтай крайында болун өткөн окуя адамдардын жакасын карматты деп билдирет trendru.info.

Көчөдө - 20 градус болуп жаткан чак. Иттин кожоюну түнү менен болгон бороондон ити аман калдыбы деген ойдо итин текшерет. Ит болсо аран гана бутун кыймылдатып тирүүлүктүн белгисин берет. Кожоюн иттин тирүү экендигинен кабар алып ал күнү кетип калат.

Эртеси караса баягы ит дагы эле ордунан козголбостон жаткан болот ит суукка тоңуп калды, үйгө киргизейин деп иттин жанына басып келгенде кожоюн эсин жоготуп коё жаздайт. Себеби иттин алдында 2 жаштагы кошунанын баласы жаткан болот. Итти ордунан тургузуп баланы тирүү экендигин текшергенде бала тирүү болуп чыгат. Кожоюн наристени алып дароо эле медициналык жардам көрсөтүп, андан соң милиция кызматкерлерин чакырат. Бала эч нерсе айтып бере албагандыктан анын апасын табуу кыйынга турат. Бала табылгандан кийин 4 күн өткөндө анын апасы баласына келет. Көрсө ошол түнүн достору менен эс алып отурган апасы кичинекей баласына тарбия берүү максатында көчөгө кийими чыгарып койгон экен. Апасы бул төрт күндүн ичинде баласын эстеп издебей койгону баарын таң калтырат.

Сибирде бала караңгыда коркуп ыйлай бергенин эч ким укпаган соң жерге уктап калат. Ит ошол маалда баланы тоңуп калбасын деп жүнүн менен жылытып эки күн сактаган экен. Иттин бул өзгөчө эрдиги "айбандардын жүрөгү өз энесине карганда жылуу" экенин далилдеди. Милиция кызматкерлери баланын апасына кылмыш ишин козгоп, учурда күкүк эне түрмөдө өзүнүн кылган жоруктарына жооп берип жаткан кези.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости