www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Италиянын премьер-министри Джузеппе Конте коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында киргизилген карантин чараларын өлкөдө узарткандыгын жарыялады.
Контенин айтымында, Италияда карантин режими 3-майга чейин узартылды.
"Биз чектөө чараларын 3-майга чейин узартабыз, бул татаал, бирок керектүү чечим, мен ал үчүн бардык саясий милдеттенмелерди өз мойнума алам", - деди ал.
Эске сала кетсек, буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Италия, Испания, Германия жана Францияда коронавирустун жайылышынын басаңдашы жөнүндө жазып келген.
ДСУ белгилегендей, чектөөлөрдү тез арада алып салуу пандемиянын "өлүмгө алып келген экинчи толкунуна" алып келиши мүмкүн.
Акыркы маалыматтар боюнча, Италияда 147,5 миң адам таажывирус илдетин жуктуруп, 18,8 миң адам көз жумган.
Булак: NazarNews.kg