www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италияда жаңы өкмөт ишке киришти

Италияда Марио Драги жетектеген жаңы өкмөт ант берип, ишке киришти. Римдеги Квиринал сарайында өткөн ант берүү аземине өлкө президенти Серджо Маттарелло катышты.

Италиянын өкмөтүнүн башына келген Марио Драги пандемия шартындагы өлкө экономикасын калыбына келтирүүнү негизги максаты катары атады. 73 жаштагы Драги кесиби боюнча экономист. Ал 2011-2019-жылдары Европа Борбордук банкын, ага чейин Италия банкын жетектеген.

Парламенттеги популисттик “Беш жылдыз” кыймылы коалициялык өкмөттүн курамына кирүүгө макул болгон соң жаңы министрлер кабинетин куроого мүмкүн болду.

Италиядагы өкмөттүк кризис 13-январда башталган. Ал учурда коалициялык өкмөттөгү эки министр өкмөт башчы Жузеппе Контенин пандемия шартындагы финансылык жардам боюнча саясатына макул болбой, отставкага кеткен.

Январдын аягында Италиянын парламенти Конте жетектеген өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөргөн. Мындан соң өкмөт отставкага кеткен болчу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости