www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта сууга чөгүп кеткен эне-баланын сөөгү табылды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-февралда Талас облусуна караштуу Арал айылында көлмөгө 2018-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Уулун куткарууга аракет кылган 24 жаштагы келин баласы менен кошо сууга чөгүп кеткен.

Министрликтин маалыматына таянсак, баланын атасы уулунун сөөгүн суудан алып чыккан. Жерине Талас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, келиндин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости