www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италия: Батыш бүткүл дүйнөдөн обочолонуп калды

Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони Украинадагы кырдаал Батыштын бүткүл дүйнөдөн обочолонуп калганын көрсөттү деп билдирди. 

Берлускони көпчүлүк өлкөлөр АКШ жана анын өнөктөштөрүнөн айырмаланып, Орусиянын Украинадагы атайын операциясын айыптоодон баш тартканын баса белгиледи. Украина кризисине дүйнөнүн реакциясы Батыштын обочолонуп калганын көрсөткөнүн белгиледи .

"Украинадагы кризис абдан ачуу чындыкты ачып берди. Батыштын жообу бир добуштан болду, бирок Батыш деп эмнени айтабыз? АКШ, Европа жана Тынч океандагы АКШ менен салттуу байланыштары бар кээ бир өлкөлөр, анын ичинде Австралия жана Япония. Ал эми дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн? Дээрлик эч нерсе жок", - деп баса белгиледи экс-премьер.

Саясатчы НАТОдогу позициясына карабай Орусияга каршы санкцияларды киргизбеген Түркияны өзгөчө белгиледи.

"Украина кризисинин бизге көрсөткөнү азыркы жана өзгөчө келечек үчүн коркунучтуу белги. Орусия Батыштан обочолонгон, ал эми Батыш дүйнөнүн калган бөлүгүнөн обочолонгон", - деп жыйынтыктады Берлускони.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости