www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары менен маек.

- Таабалды Гапырович, түндүк-түштүк альтернативалык жолу качан бүтчүдөй?

- 2024-жылы бүтүүгө тийиш. Узундугу 433 чакырымга созулчу жолдун курулушу үч фазага бөлүнгөн. Анын 100 чакырымы толук бүткөрүлүп, колдонулууда. Бүгүнкү күндө эң негизги маселе – бул тоннель. Азыр аны аягына чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Биздин подрядчиктер тарабынан бир топ пландар коюлган, алар жылдын аягына чейин аткарылат.

- “Жолдун курулушу графиктен артта калууда” деген маалымат канчалык чындык?

- Андай маселе жок. Кудай буюрса, 2024-жылдын аягына чейин бүтүрөбүз. Туура, техникалык мүмкүнчүлүктөр болбогонунан улам, тоннелди тешүү боюнча бир аз артта калуу бар.

- Жолдун сапаты боюнча да маселе бар окшойт. Жол табигый шарттарды эске албай, дайыма көчкү түшө турган жерлерге салынган деген да пикирлер айтылууда...

- Албетте, жаңы курулуш болуп жаткандан кийин куруу процессинде айрым көйгөйлөр пайда болушу ыктымал. Таш кулап, көчкү жүргөн участоктор бар. Бирок, биз ал жерлерде дагы коопсуздук жагын камсыздоого далалат жасап жатабыз. Кичи тоннелдерди, асма көпүрөлөрдү салуу жагы да каралууда.

Булак: Азия News гезити

Последние новости