www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-майда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин катышуусунда Италиянын "Bvlgari" зергерчилик компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө зергерчилик тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Жыйынга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, “Bvlgari” компаниясынын туруктуу өнүгүү жана корпоративдик социалдык жоопкерчилик боюнча директору Элеонора Риццуто, финансылык жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча директору Энрико Фриззи, ошондой эле тиешелүү министрликтердин министрлери жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Талкуунун негизги темасы зергер буюмдарын өндүрүү үчүн ата мекендик чийки затты жеткирүү, кайра иштетүүнү жана заманбап технологияларды өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен жергиликтүү өндүрүштөрдү түзүү маселелери болду.

Жыйындын жүрүшүндө кыргызстандык адистерди заманбап технологияларды жана зергер буюмдарын өндүрүүнүн алдыңкы ыкмаларын өздөштүрүү максатында Bvlgari Academy базасында окутуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындай кызматташтык өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө жана ата мекендик зергерчилик тармагынын эл аралык рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Тараптар ошондой эле алдыңкы италиялык технологияларды Кыргызстанда адаптациялоо жана жайылтуу, аларды ата мекендик зергерчилик ишканаларында практикалык колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Данияр Амангелдиев өлкөдө экономиканы жакшыртууга, ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартуу жана өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган реформалар тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан менен “Bvlgari” компаниясынын ортосундагы кызматташтыктын ата мекендик зергерчилик тармагын өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин алкагында өлкөдө масштабдуу реформалар жүргүзүлүп жатканын, анын ичинде зергерчилик тармагындагы ишканалар үчүн бир катар жеңилдиктер жана колдоо чаралары каралганын баса белгиледи.

“Bvlgari” компаниясынын өкүлү Элеонора Риццуто компания Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, жумушчу сапардын алкагында компаниянын өкүлдөрү зергерчилик тармагынын абалы менен таанышып, рынокту изилдеп жана баалоо жүргүзүп, ошондой эле мындан аркы кызматташтык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кошумча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландап жатканын билдирди.

Жолугушуунун соңунда “Bvlgari” компаниясынын өкүлдөрү “Кыргызалтын” ААКнын алтын куймаларын сатуу боюнча фирмалык дүкөнүнө барып, продукциялардын ассортименти жана ишкананын баалуу металлдарды сатуу жаатындагы ишмердүүлүгү менен таанышты.

 

Последние новости