www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иттик кимден кетти

Күндөрдүн бир күнү Жоонтокойдо той болоткен. Тойдо карт Арыстан ордунан оор туруп айтат дейт:

—Мен бенсияга кетиватам, такушто, ордума ким калат, ошону чечелик…

—Мен калсам болобу? — дейт Көкбөрү, ууру тишин түзөп, кайраттуу чачын артка шилекейлеп жаткызып.

—Болбойт буга! — дейт ача туяктуулар чурулдашып, бул касапчы бизди жеген турат, хабдамулла!

Аржактан кимдир-бирөө үн катат:

—Имнеге болбойткен, бирбирибизди жебей кантип күн көрөтлек?..

—Болбойт дедик, болбойт! — дейт Чабдарат чылбырын кошо чайнап, турган жеринде саара ушатып, — ушулар үчүн уктабай төрт бутума туруп таңатырып келем, пышолнахир!..

—Маган чыпооку, — дейт анда Топос багатыр, — илибоюн тытып коем мен, кана, кимиң чыгасың, йей?!

—Топос багатырга батынып эчкимиси чыгалган жок, чынында. Анткенинин себеби, ал өзү леккий атилетик түр менен машыгып жүргөндө, марш-бырасок жасай койгон жайы бареле. «Мадина» базардан эмиле алып берген таптатынакай элүү тогузунчу ыразмердеги шымды алаасынан бери тыттырып келгенин бүт айыл билип калбадыбы. Кайерге дебейсиңерби, эжекелер, жеңелер жана шайлоочулар. Агүй араалап кетти, баччагарды! Ошондой болду! Аны эми мен ырсаңдап силерге жеткиргенче, кеч кирмек. Ага чейинле, бүттүгү белгилүү да, өй!

—Ушу менен дөөдүрөп, эмине дегиң келип туру, садага?!

—Ушу менен бүттүго дейин десем, көрсө бүтпөйткен да! Көрсө, жашоо шундайкен да. Шымын тыттырам дегендер жер жайнайт дейт. Алаасын жаматам дегендер жоккосе дейт. Тогуз жолдун тоомун алып коем дегендер толтура дейт дагын, үчкошконду иремонт кылам дегендер алаасын кашып отуру дейт. «Силер кайсыл айылдан болосуңар?» деген таптатынакай суроого «өзүң кимге добуш берген турасың?» деп тескери суроо берип, матка чапкан турат дейт, шумдугуңгур!

—Чынеле, өзүң кайсыл айылдан болосуң?

—Мен деген «Ыздыпыкынын алтынчы курултайы» деген айылдан болом, билсең.

—Мен деле «Ыздыпыкы» айлынан болом, бирак да алтынчы курултайы качан болгонун билбейткем?..

—Ниүжөөлү?

—Чеснипийанерский, эй!

—Сен али көкчимкирик бойдон турбайсыңбы! Мен деген бүгүн-эртең Арыстандын ордун алып коеюн деп кол чогултуп жүрөм, понил, эй!

—Канча кол чогулттуң анан?

—Үжө жарым урна болуп калды, агер сен кошулсаң, бачти бир короо болот!

—Мен саган добуш бералбайткем.

—Эминеге, эй?

—Атың Жолборус болгон менен, өзүң ит экенсиң да, эми билбедимби сени!..

   Кимбайке

Булак:"de-facto.kg"

 

Последние новости