www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык окуучулардын 83% мектепте курбуларынын зомбулугуна кабылганын айтып беришти. Бул тууралуу маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жарыялаган баяндамада камтылган.

Уюмдун белгилешинче, мектептеги зомбулук дүйнөнүн өнүккөн да, кедей да өлкөлөрүндө кездешет. Жалпысынан сурамжылоого 13-15 жаштагы өспүрүмдөр катышкан.

ЮНИСЕФ ар бир өлкөгө кайрылып, окуучулардын укугун коргогон мыйзамдарды кабыл алып, иштетүүнү, алдын алуу чараларын күчөтүүнү сунуштады.

Мектептеги рэкет маселеси Кыргызстанда бар экенин укук коргоочулар дайыма айтып келишет. Алардын жана милициянын пикиринде, мындай терс көрүнүшкө каршы күрөшүүдө ата-эненин да жардамы маанилүү.

Булак: "Азаттык"

Последние новости