www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга 10 күн калды

Юридикалык жактарда Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга 10 күн калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшыруусу керек.

Буга кошумча, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга миледттүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости