www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ширин Айтматова саясатка аралашамын деп, алгачкы кадамын митингден туура эмес баштап алды. Ал биринчи күрөшүн жемкорлукту шылтоо кылып, кыргыз элине тааныш эмес, ити менен мышыгын жетелегендер менен аянттка чыкты. Ал тургай "обу жок катын орсок уй саайт" болуп, батышты туурап кыргызча айтканда “кофекана” ачып атам", деп коомчулукка жар салып, терс жактарын элге көрсөтүп, Райымбек Матраимовдун элеси түшүрүлгөн трафарет жасаганга да жетишкен.

Көрсө, Ширин Айтматова коррупцияга каршы күрөшүүгө жамынып алып, өзү алдамчылык менен алектенип жүргөн экен. Ширин жана анын жолдошу көп адамга ири суммада акча карыз болуп, Шаршенбек Абдыкеримов менен Райымбек Матраимовду бардык жол менен каралап, карыздарынан кутулууну көздөп, “ҮМҮТ-2020” кыймылын түзүшкөн. Анын максаты Матраимов менен Абдыкеримовдордон ооз басырык үчүн акча алуу болгон. Бирок Матраимов дагы, Шаршенбек Абдыкеримов дагы аны менен сүйлөшүүгө барбай “ҮМҮТ-2020”нын үмүтү үзүлүп, оюнан чыгарып айткандары суу кечпей калган. Көздөгөнү ишке ашпагандан кийин Ширин Айтматова жолдошу экөө АКШга качып, саясий качкын статусун сурамакчы болушканда Алматынын аэропортунан кармалып, УКМКнын СИЗОсуна тыгылган. Учурда бир нече киши Ширин Айтматовага карата милицияга арыз менен кайрылышып, тергөө иштери башталган. Актык менен тактыкты сүйүп, коррупция менен күрөшүп, элдин акысын жебеш керек деп кыйкырган Ширин Айтматованын былыктары чыкты.

Ширин Айтматованын үстүнөн арызданган Юрий Ким ага болгон көз карашын социалдык тармак аркылуу орус тилинде билдирди.

“Кутман күн! Менин аты-жөнүм Юрий Ким. Тилекке каршы, азыр улут маселесин көбүртүп жатышат. Менин улутум-корей. Таза корей эмесмин, атам-корей, 92 жашта. Апам орус улутунан. Мени таза корей деп эсептеп, Чыңгыз Айтматовду каралап жатат деген сөздөр жалган. Кайната-кайненем Ысык-Көлдө Чыңгыз Айтматовду конокко чакырганда аны менен таанышканмын. Айтматовду кыргыз жазуучусу катары гана эмес, дүйнөлүк жазуучу катары сыйлайм. Анын бардык чыгармаларын окугам, аны азыркы замандын улуу жазуучусу деп билем. Мен азыр пенсионермин. Ишеним каттын негизинде мүлктү башкарам. Айтматовго болгон жакшы көрүүмдүн айынан, кандайдыр бир деңгээлде жабыркоочу болуп калдым.

Жерди ижарага берүү үчүн ижарачыларды издеген мезгилде мага Ширин өзүнүн администратору Айдана, апасы Мария менен келишти. Кийин менин эски таанышым, анын жолдошу Сыргак дагы келди. Сыргак мен аларга жардам берип, кам көрүшүмдү сураган. Мен макул болуп, ижаранын келишими түзүлгөн. Кафенин администратору Айдана болуп дайындалып, жакшы башкара албагандыктан жумуш жакшы болбой калды. Ошондуктан келишимди токтоттук. Бирок ижара акысы, коммуналдык кызматтар баары биригип, алардын карызы 10 миң $дан ашып кеткен. Ошол убакта алар бир аз акча төлөп турган.

Акыры карыздын суммасын айттым. Кафенин администратору Айдана бул акчаларды Ширин кийинки айда төлөшүнө убада бергендигин айткан. Мен Ширин менен карызды төлөө тууралуу сүйлөшүүнү уланта бердим. Ширин кафенин ижарачысы экендигин анык билем (аудио жазууну угузду), буга далилдерим да бар. Ошентип, сентябрь, октябрь, декабрь өттү. Январда Айтматованын айдоочусу Самат  1 000 (миң) АКШ долларын алып келди. Бирок мен январдын аягына чейин алар карызды толук төлөбөсө укук коргоо органдарына алдамчылыгыңар үчүн арыз менен кайрылам деп айтканмын.

Айданага карата милицияга  алдамчылык боюнча арыз жаздым. Анткени келишим Айдананын атына түзүлгөн болчу. Жайында Сыргак карызды төлөөрүн айтып, алдап, качып кетти. Мен пенсионермин, университеттеги окуган баламдын контрактын төлөшүм керек. 92 жаштагы атам бар. Ата-энеме, балдарыма жардам беришим керек. Мен моралдык чыгым да талап кылган жокмун, карызды гана төлөп коюшун гана сурайм.

Интернетте жаш жигиттер “улуу жазуучунун кызын каралап жатат” деп жатышат, бул сөз жалган. Мен Чыңгыз Айтматовду да, Ширин Айтматованы да урматтайм. Менин Айданага да доом жок, Шириндин колунда жөн гана курал болуп калгандыгы тергөөдө байкалды. Айдананы Ширин жөн гана таанышым деп койду. Укук коргоо органдары да адилеттүү тергешин сурайм.

Мен Ширин Айтматова менен таанышканда Ширин, сиздин атаңызды тааныйм, таанышканыма кубанычтамын, десем: “Мени Чыңгыз Айтматов менен байланыштырбаңыз, мен өз алдымча башка адаммын” деп койгондо таң калганмын.  А мен Кыргызстандан кетким келбейт, элибиз жагат. Бүгүн кичинекей нерседен да чоң от чыгып кетиши мүмкүн. Келгиле, ынтымакта жашайлы”, деген видеотасмада Ширин Айтматованын “алдамчы торуна” түшкөн Юрий Ким.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости