www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юрист Кутман Медетбеков УКМК Улукбек Өмүрзаковду кармоо учурунда мыйзамды одоно бузганын билдирди. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 13-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Кутман Медетбековдун билдирүүсү:

Кечээ УКМК Өмүрзаковду кармоо учурунда өзүнүн кызмат абалынан аша чаап, КРнын Прокуратурасы жөнүндө мыйзамдын 84-беренесинин 1-бөлүмүнөн одоно түрдө бузган.

УКМК Өмүрзаков өзүнүн иш ордунда иш милдетин аткарып жатканда башка бирөөнүн көрсөтмөсү менен кармалган. Бул мыйзам бузуу болуп саналат. Анткени прокуратура органдары өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жатып кылмыш жасаса ошондо гана кызмат ордунан же кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда кармалат. УКМКнын кармоо аракети мыйзамсыз.

Белгилей кетсек, кечээ милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси, прокурор Улукбек Өмүрзаков бирөөнүн кенин басып алгандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости