www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров дипломаттар менен жолугушууда.

Жолугушуу учурунда ал Кыргызстан менен башка өлкөлөр арасындыга карым-катнаш тууралуу да сөз кылды.

"Биздин тышкы саясатыбыздын негизги өзөгү болуп мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын көздөө менен тең салмактуу жана прагматикалык тышкы саясатты жүзөгө ашыруу эсептелинет. Коңшу боордош мамлекеттер, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен мамилебизди мындан ары да бекемдөөгө жана ырааттуу өнүктүрүүгө даярбыз. Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигинин аймагындагы ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган туруктуу позицияны карманабыз жана шериктештиктин алкагындагы кызматташууну кеңейтүүгө умтулабыз.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташууга да өзгөчө маани беребиз. Улуттук экономиканын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле инвестициялардын агымын көбөйтүү жана товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын, эмгек ресурстарынын эркин жүгүртүлүшүнө толук көлөмдө жетишүүгө кызыктарбыз.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жамааттык коопсуздук тутумун түзүү Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыктарына толук жооп берет. Биз Уюмга мүчө-мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камсыз кылууга даярбыз жана жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы турууда ар тараптуу иш-аракеттерибизди уланта беребиз.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттер биздин аймактагы коопсуздук, экономикалык, маданий жана гуманитардык жааттарда кызматташуусуна чоң салымын кошуп келе жатат. Шанхай кызматташтык уюму менен тыгыз кызматташуубузду жигердүү улантууга даяр экендигибизди баса белгилейм.

Европа биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашууга тез арада кол коюлушуна үмүттөнөбүз. Тараптардын макулдашууга кол коюусу кыргыз-европа мамилелерин жаңы деңгээлге алып чыгаарына терең ишенем", - деди ал. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости